Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карады

Автор -

12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон. «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы билдиргендей, Алматы шаардык соттунун процесс өтүп жаткан залына айыпталуучулардын адвокаттары менен кыргызстандык экс-депутатты колдоп барган бир нече адам гана киргизилди.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров кармалган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Бөлүшүү