Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду

Автор -

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында сот жергиликтүү аялды зордуктады деп шек саналган үч кыргызстандык жаранга өкүм чыгарды.

Ага ылайык, үчөөнө үч башка жаза чегерилип, алар 14, алты жана төрт жылга эркинен ажыратылды.

Үчөөнө «Адам уурдоо», «Опузалап зордуктоо», «Талап-тоноо» беренелери боюнча айып коюлган. Сот өкүмү күчүнө кире элек.

Якутияда быйыл жазында болгон бул окуя чоң резонанс жараткан. Анын айынан жүздөгөн жергиликтүү тургундар мигранттарга каршы жапырт нааразылык акцияларына чыгышкан.

Бишкектен Якутияга өкмөттүк делегация барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле алар мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.

Бөлүшүү