19-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт (тизме)

Автор -

19-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таза суу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9.00дөн 17.00гө чейин жок болот.

Таза суу өчүрүлүүчү аймактар:

-Анкара, Ауэзов, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жол аймагында;

-Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач жаңы конушунда;

-Ала-Тоо эл аралык университетинде, №18-лицейде, Физиология институтунда;

-«Реемстма» ААК, «Алтын-Ажыдаар» ЖЧК, «Ысык Нан» ЖЧК, «Ак-Жолтой» АК, «Аман-Жол» АК, -«Кыргызэнергоремонт» АК, «Антибиотики» ААК, «Зинанын торту» АК, «Мобелла» ЖЧК;

-«Сулуутор» кондоминиумунда, «САБ №1», БУПП-3, «Аю Гранд Комфорт» соода борборунда, Унаа куруу заводунда, Республикалык МАИ, Шаардык муз тебүү жеринде, Исакеев көчөсүндөгү Сүт цехинде;

-«СЭМ» компаниясында, ПТУ №93, Тейлөө борбору №2 Мамлекеттик каттоо кызматында;

 

Бөлүшүү