Өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар

Автор -

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык салымдардын титулдук тизмесинде камтылган объектилер азыркы учурда 75 пайызга каржыланган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2019-жылдын бюджетиндеги «Капиталдык салымдар» беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

Ошондон улам, депутат Зиядин Жамалдинов капиталдык салымдарга кирген объектилердин тизмесин эртелетип бекитүү зарылдыгын белгиледи.

«Быйылкы тизме июнь айында бекитилди. Мыйзамга ылайык, тизме бюджет кабыл алгандан кийин бир айдын ичинде бекитилиши керек болчу, андай болгон жок. Канча убакыт бекерге кетип жатат? Мындай абал жылдан-жылга кайталанып келет, токтотуш керек»
деди ал.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы «контейнер-мектептин» чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты.

Билим берүү министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.

Министрдин мындай маалыматына анчалык ишене бербеген депутат ушу тапта Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырга окуп жатканын айтты. «Сауд Аравия фондунун 30 млн доллар каражатына салына турган мектептер боюнча ратификациялык келишим эмне үчүн создугуп жатат?» деген собол салды.

Министрликтин статс-катчысы Самат Бөрүбаев кеӊеш берүүчү компанияны тандоо маселесинде кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

«Биринчи компания менен контракт бузулган. Азыр экинчи компания менен иштетип жатабыз. Буюрса, фонддун каражатына 27 мектеп курулат»
деди ал.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 13 млрд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынат.

Бөлүшүү