Кыргыз-тажик чек арасы: Такталбаган жерде курулуш иши улантылууда

Автор -
548

Тажикстан Баткен районунун такталбаган чек ара бөлүгүндө курулуш ишин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, тажик тарап Жака-Өрүк жана Лейлек районунун «Футбол талаасы» жергесинде курулуш ишин баштаган. Азыр болгону Лейлекте жумуштар токтотулду. А Жака-Өрүктө болсо макулдашылбаган жумуштар улантылууда.

Кыргыз тарап Көк-Таш — Ак-Сай жолун асфальттоону улантууда. Мындан сырткары Ак-Сайдын Дача айылында чек ара посту курулуп жатат.

Чек ара кызматынан кошумчалагандай, учурда аймакта абал туруктуу. Ош-Баткен-Исфана жолу автоунаалар үчүн ачык.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Тажикстан жарандары Лейлек районунун Максат айылындагы чек аранын такталбаган жеринде курулуш иштерин баштаган.

Бөлүшүү