Кыргызстан Ворух анклавына коридор бербейт

Автор -

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаков “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып келет.

“Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар”-деди Разаков.

Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн экенин вице-премьер кошумчалады.

Жеңиш Разаков чек арадагы чырлар дал ушул маселелердин айланасында да пайда болуп жатат деген пикирин билдирди.

Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт.

Буга чейин дал ушул анклав чектеш аймакта бир нече жолу чек ара чатагы орун алган.

Бөлүшүү