Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө арналган иш-чара өтпөй калды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка таянсак, Баткен облусунун чек арасындагы болгон окуядан улам уюштуруучулар ушундай чечимге келишкен.
Буга чейин маалым болгондой анын тарапташтары туулган күнүнүн урматына Горький атындагы эс алуу багында чогулушуп, куттукташмак. Ал жерге эстрада ырчылары да келишмек.
Алмазбек Атамбаев 63 жашка толду.