«Справедливая Россия» Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Автор -

«Справедливая Россия» партиясы КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

«Биз Сиздин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биздин элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө кошкон чоң жеке салымыңызди жакшы билебиз жана баалайбыз. Орус жана кыргыз социал-демократтарына эки өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн эркиндик, акыйкаттык жана тилектештик принциптерин биргеликте коргоого эч кандай кыйынчылык тоскоолдук жарата албайт деп ишенебиз», — деп айтылат куттуктоодо.

«Справедливая Россия» партиясынан белгилешкендей, алардын партиясы менен Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын ортосунда өз ара сый, ишеним жана түшүнүшүүгө негизделген конструктивдүү кызматташуу ийгиликтүү өнүгүп келет.

Партиядан Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, түгөнбөс энергия жана акыйкаттыкка бекем ишеним каалашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү