Тышкы иштер министрлиги тажик элчисине нота тапшырды

Автор -
366

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сухроб Олимзода Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына нота тапшырды, анда Кыргыз Республикасынын «Максат» жана «Сай» чек ара постторуна биринчи болуп ок аткан Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларынын укукка каршы аракеттерине чечкиндүү түрдө протест билдирилген, бул окуянын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскер кызматчысы каза болгон жана жети аскер кызматчылары жаракат алышкан.

Ошондой эле, Кыргызстандын жети жараны, анын ичинде бойго жете элек бала атылган октон ар кандай оордук даражадагы жаракаттарды алышкан, аталган чек ара постторуна жана жергиликтүү жашоочулардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын үйлөрүнө зыян келтирилген.

Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын чек ара постторундагы аскер кызматчыларына жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунун Максат айылынын жергиликтүү жашоочуларына карата Тажик тарабынын ок атуучу куралды колдонуусуна жол берилбестигин белгиледи.

Бул жаңжал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы чийилбеген жер тилкесинде Тажик тарабынын аскердик байкоо пунктун куруусунан келип чыккан, ал Кыргыз тарабы менен макулдашылбастан башталган жана чек ара райондорундагы абалдын курчушу үчүн бүт жоопкерчилик Тажик тарабынын аскер кызматчыларына жүктөлөт.

Мындан тышкары, Тажикстандын Элчисине Кыргыз тарабынан катталган ушул жылдын август-сентябрь айларында Тажикстан Республикасынын жарандары, жергиликтүү бийлик органдары жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан жасалган бейукуктук жана провокациялык аракеттердин фактылары жөнүндө маалымат берилди.

Тажик тарабынын аракеттери эки Мамлекет башчыларынын 2019-жылдын 26-июлундагы жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген, Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымактуулукту сактоого, ошондой эле эки мамлекеттин чек ара райондорунда жаңжалдардын пайда болуусун алдын алууга багытталган макулдашууларга ылайык келбестиги белгиленди.

Кыргыз тарабы Тажик тарабына абалдын андан ары курчушуна жол бербөө, жаңжалды биргелешип иликтөө жана күнөлүү адамдарды жоопко тартуу максатында кечиктирилгис чараларды көрүү талабы менен кайрылды.

Нуран Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр эки мамлекеттин ынак коңшулук мамилелеринин рухунда диалог жолу жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин баса белгиледи.