Салык кызматы транспорт салыгын өз убагында төлөбөгөн миңден ашык жаранга айып салды

Автор -

Республика боюнча транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 11 миң 670 унаа токтотулуп, анда 1 миң 36 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 3-сентябрдан тартып ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле шаардык кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир өткөн күнгө туумду кошуп төлөйт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөнү үлгүрбөй калган айдоочуларды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр да болсо төлөөгө чакырат.

Бөлүшүү