Депутаттар 2 күндүк айлык маянасын каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө берет

Автор -

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рысбаев Кой-Таш окуясында жана чек ара жаӊжалында каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө депуттардын эки күндүн маянасын топтоп берүүнү сунуштады.

[ads-quote-center cite=’ деди депутат.’]«Кой-Таш окуясында жана Баткендеги чек ара чырында каза болгон эки аскердин үй-бүлөсүнө эл өкүлдөрүнүн эки күндүк маянасын топтоп берүүнү сунуштайм. Баткенде мекенди коргогон чек арачы каза болуп, артында үч баласы калды»[/ads-quote-center]

Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алынбай турганын айтып,
сунушту депутаттар колдоорун билдирди.