Өкмөт башчы чек арада каза болгон Муминовдун тажиясына катышты (Видео)

Автор -

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын баса көрсөттү.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү