Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан сырткары чек арадагы окуяда аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болгону, үй, мектеп, байкоо салуучу мунараны аткылаган факты «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Тергөөнүн көлөмү чоң болгондуктан башкы прокурордун орун басарынын токтому менен мекеме аралык тергөө тобу түзүлдү. Ага Аскер прокуратурасынын Баткен облустук гарнизонунун, Баткен облустук жана Лейлек райондук милициянын өкүлдөрү кирди.