Баткен: Тажик жарандары такталбаган аймактагы курулушту токтотту

Автор -
283

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту.  Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы атышуудан кийин тажик тарап Лейлек районунун Максат айылында «Футбол аянтчасы» жерлигинде курулуш иштерин токтоткон.

«Кечээ, 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк жерлигинде да курулуш иштери токтоду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу»
деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү