Ошто 26 жаштагы жигит классташынын ур-токмогунан каза болду (Видео)

Автор -
862

Ошто 26 жаштагы жигитти өзүнүн классташ коӊшусу уруп өлтүргөн. Бул тууралуу маркумдун жакындары «Оштв» телеканалына атайы кабарлап, окуя адилет иликтенбей жатат деп билдиришкен.

Маалыматка ылайык, 26 жашта каза болгон жигит жакында эле үйлөнүү максатында ата-энесине келген. Анын тойу сентябрдын аягы Октябрь айынын башына пландалган эле. Бирок, максаты орундалбай катуу соккудан улам, мээсине кан уюган жигит өз үйүнө каза болгон.

Окуяга шектүү маркум менен бир мектепте чогу окуган, жакын жашаган коңшусу 2 айга камалган. Ал урганын мойнуна алып, мунун баары капыстан болуп кеткенин түшүндүргөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү