Президент кыргыз-тажик чек арадагы чырдан жабыркагандардан кабар алды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.

Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты.

Жаракат алгандарга Президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, 3 жаракат алгандардын оор абалына байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Бөлүшүү