Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Автор -
275

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрүү жайы иштейт. Анын ичинен төртөө  күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Ал эми “Кулунду-унаажол” көзөмөл өткөрүү жайында 17-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү  өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрүү жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат.

КР МЧКнын чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Бөлүшүү