Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы атышуудан кийин тажик тарап Лейлек районунун Максат айылында «Футбол аянтчасы» жерлигинде курулуш иштерин токтоткон.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]»Кечээ, 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк жерлигинде да курулуш иштери токтоду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу» [/ads-quote-center]