Мэрия электрондук билеттер тууралуу маалымат таратты

Автор -

Буга чейин шаардык бийлик 20-сентябрда коомдук жол каттамдары электрондук билеттер менен жүргүзүүлѳрү кабарлаган. Ошондон улам шаардагы мектеп окуучуларынын баарын, мектептерде сүрѳткѳ түшүрүп, электрондук билет алууга даярдыктар жүргѳн. Бирок кээ бир ата-энелер балдарына электрондук билеттин кереги жок экенин айтып чыгышкан. Ата-энелердин нааразычылыгына Бишкек шаардык бийлиги жооп кайтарды.

Мэриянын маалыматында, электрондук билеттерди мектеп окуучулар ѳз каалосу менен алат деп айтылат.

«Баардык ата-энелер балдарына алып бериш керек деген маалымат туура эмес. Эгер сиз мектепке жакын жерде жашасаңыздар электрондук билет алуунун кажети жок. Бирок кийин керек болсо алсаңыз да жакшы. Тандоо ар бир баланын ата-энесинин колунда»
деп кабарлады мэрия.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү