Мыйзамсыз ташылып келе жаткан «SAMSUNG» маркасындагы чөнтөк телефондор кармалды

Автор -

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 885 000 сомдук «SAMSUNG» маркасындагы чөнтөк телефондор Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан 16-сентябрь күнү ОШ шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н. башкаруусундагы “Lexus GX460” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын салонун текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана “SAMSUNG Galaxi A20” жана 110 даана “SAMSUNG Galaxi A30” маркасындагы чөнтөк телефондор табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 885 000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү