Фарид Ниязов камерада кимдер менен отурганы маалым болду

Автор -
275

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганын ЖАМК 24.kg агенттигине айткан.

Маалыматка ылайык, камера 12 орунга эсептелген, бирок анда 6-7 киши кармалууда. Алардын баары мурда соттолгон эмес. Учурда алар экономикалык беренелер боюнча кармалгандар.

Фарид Ниязовдун «конушаларынын» арасында адам өлүмүнө шектелгендер, зордуктоого жана талап тоноого шектүүлөр жок.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Бөлүшүү