Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев анын уулунун өлүмүнө УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун колу бар деп «чагылган» агенттигине берген маегинде билдирген.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирген Акматбаевдин атасы.’]«Рыспекти өлтүргөндөрдүн арасында Суталинов бар. Азыр мен Рыспекти бети-башын чүмкөп алып келип, автомат менен атышкан деп угуп жатам»[/ads-quote-center]Анын айтымында, Мурат Суталиновду Батукаевге окшоп, “ана өлөт, мына өлөт” деп абактан чыгарып коюшкан.
[ads-quote-center cite=’дейт атасы.’]«Өкмөттө уят жок экен. Ушунча элдин канын төккөндөргө боор оруп жатышпайбы» [/ads-quote-center]Ошо менен бирге ал, «кримавторитет» Камчы Көлбаев менен жакын тууган экенин жашырган эмес.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирди Акматбаев.’]»Кудай алдында жашырбайм. Бир жолу ресторанга апасынын 70 жылдык тоюна чакырды. Бардым. Барган жокмун деп айтпайм. Өзүнчө келип учурашпайт. Анан, мен өзүм издеп бармак белем… Чынында Рыспектин жүрөгү ушунчалык абдан кенен болчу. Баарын бооруна тартып келген. Айтса абдан сөз көп. Эмнени айтайын… Калган кептин кереги деле жок»[/ads-quote-center]