Аида Салянова ооруканадан чыгарылды

Автор -
209

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg  сайты анын тууганы Чынара Турдалиева шилтеме берип маалымдады.

Анын айтымында учурда Салянова операцияга даярданууда.

[ads-quote-center cite=’деди Турдалиева.’]»Операция кайда жана качан өтөөрү азырынча белгисиз» [/ads-quote-center]

Бир жума мурда үйгө чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин Аида Салянова Улуттук кардиология борборунун дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

Экс-генпрокурор криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында камака алынган. Кийин ал тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына бошотулган.