Чек ара чыры: Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты

Автор -
354

Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Ал Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери башында турган өкмөттүк делегациялар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алуу жөнүндө маселелерди чечүү боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

«Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты. Кыргызстан менен Тажикстандын Премьер-министрлеринин тапшырмасы менен, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөт. Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде бардык 5 көзөмөл-өткөрүү бекети тең, анын ичинде «Кулунду-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат, чек арада кырдаал туруктуу, эвакуацияланган Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө»
деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өз ара ишеним, мурда жетишилген макулдашууларды так аткаруу жана эки жактын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде гана чек ара маселелерин чечүүдө оң жылыштарга жетишсе болот.

Бөлүшүү