Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, газ 25-27-сентябрда Маевка айылынын Виноградная, Ж.Гвардия, Жапаров, Набережная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жок болот.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.