Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүп жатат (Видео)

Автор -

Бүгүн, 26-сентябрда Аламүдүн райондук администрация имаратында Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтөт. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

[ads-quote-center cite=’деп билдирет Жолдубаева.’]«Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү айыл тургундары менен жолугууну көздөп жатышат. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча жергиликтүү бийлик дүжүр адамдарын чогултуп жатыптыр, ал эми укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринен чындап жабыркагандарды чакырышпаптыр»[/ads-quote-center]