Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кетти

Автор -

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кетти.

Мындай маалыматты саясатчынын айланасындагы адамдар “Азаттык” радиосуна ырасташкан.

Алар Бабанов эмне себептен Орусияга кеткенин маалымдашкан жок, бирок ал өлкөгө кайра кайтып келерин билдиришти. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен.