Кыргызстан Өзбекстанга электр энергия берүүнү токтотот

Автор -
590

Жайыбыз ысык болгон соң, кышыбыз суук болуп кыйнабас бекен деген коркунуч баардык адамдарда эле болгон сыңары, өкмөттү деле түйшөлткөн маселе ушул. Кыргызстандын көптөгөн кайра иштетүү, өнөр жай ишканалары электр энергиясы менен тыгыз байланышта.

Ал үчүн кышкы даярдыктарды күчөтүп, үнөмдөөнү эмитен баштабаса болбойт. Кыргызстанда 45 кен казуу тармагында күзгү-кышкы мезгилге болгон даярдыкка карата электр энергиясы өчүрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, өкмөттүн жыйынында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.

Бул электр энергиясын үнөмдөөдөгү акыркы чек эмес, эми электр энергияны үнөмдөө максатында, Өзбекстанга кышкы мезгилде электр энергия берүү токтотулары да айтылды.

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,2 млрд. куб метрди түзөт. Муну менен катар, Кыргызстанга электр энергия кышкы мезгил учурунда жетиштүү болот деп билдиришет адистер.

Булак: «Факты.kg»

Бөлүшүү