Бишкек шаарындагы Күн-Туу айылында жол кырсыгынан 5-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:00дө окуучу №18 автобустун арткы эшигинен түшүп жатканда анын бир буту автобустун эшигине кыпчылып калган. Айдоочу баланы байкабастан, автобусту айдап жөнөгөн.
Кырсыктын кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып, окуя болгон жерде каза болгон.