Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты (Видео)

Автор -

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 7-октябрда болгон. Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм, 8 куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 20:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Бактыга жараша өрттөн каза тапкандар жана жабыркагандар жок.

Бөлүшүү