Арча-бешик конушунда милиция айдоочуга ок чыгарды — окуянын чоо-жайы

Автор -
541

Бишкек шаарынын Арча-бешик конушунда жол талашкан эки айдоочунун чыры ок атышуу менен аяктады. Бул тууралуу «НТС» каналы билдирди.

Маалыматка таянсак, Айылчиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки айдоочу жол талашып ортодон чыр чыккан. Айдоочулардын бири Бишкек шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов экенин маалым болгон.

Окуянын жүрүшүндө Амангулов эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, чыр токтобогондуктан ал каршылашынын чыканагына атып салган.

Бишкек шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангуловдун колунан ок жеген айдоочу ага карата дооматы жок экенин айтууда. Бирок ошол эле убакта, тосмо арыз жаза электигин билдирди. Бишкек шаарындагы көчөлөрлүн биринде тартип сакчы 25 жаштагы айдоочуга карата ок чыгарган.

Милициянын майору катышкан мушташ жол талаштын айынан келип чыкканы маалым болду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жаңжалдын башталышына жабырлануучунун өзүн күнөөлөп жатат.

Ал эми ооруканадан чыккан жигит тартип сакчы биринчилерден болуп кол салганын айтууда.

Жабыркаган жигит милиция кызматкерине каршы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү