Бишкек шаарынын бир нече аймактарында электр жарыгы жок болот (тизме)

Автор -

Бүгүн, 17-октябрда, Бишкек шаарынын бир нече аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түштүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, адистер үйлөрдүн ичиндеги электр өткөргүчтөрдүн абалын текшерип, жаңыларын тартып, көмөк чордондорду кароодон өткөрөт.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 8:00 — 17:00 — Чортеков, Абдрахманов, Садыбакасов көчөлөрүнүн жана Тынчтык проспектисинин тилкелеринде;

— 9:00 — 15:00 — Матыев, Туюк, Роза Люксембург көч. тилкелеринде, Таганрог, Казань туюк көч.

— 9:00 — 17:00 — 12-кичирайондо (№ 63 үй), Чүй проспектисинде (№ 39 үй);

— 9:00 — 18:00 — Логвиненко, Москва, Исанов, Бөкөнбаев, Чуйков, Керамика, Темиров, Кемин көч. бөлүктөрүндө, Тыныстанов (№ 199 үй) көч.;

— 9:30 — 18:00 — Семетей, Түндүк, Жеңиштин 50 жылдыгы, Рысмендиев, (№ 2, 3, 3а үйлөрүндө), Элебесов көч., Тынчтык проспектисинде, Чоң-Арык, Орто-Сай, Кара Жыгач аймактарында, Кайыңды конушунда;

— 10:00 — 18:00 —Кара-Жыгач жаңы конушунда (Исаев, Кемин көч).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү