Бишкекте дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти

Автор -
403

Бишкектеги «Ак-Өргө» калктуу конушундагы дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги ШИИББга шилтеме берип билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча арыз 19-октябрда келип түшкөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, издөө жүрүп жатат.

[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта. ‘]»16-октябрда саат 18:00дө дүкөнгө бир кишинин киргени видеого түшүп калган. Ал кутуну ачып акчаны алган соң качып кеткен. Акчанын жоголгонун 3 күндөн кийин гана билишкен»[/ads-quote-center]

Аталган куту дүкөнгө тиешелүү болгон. Анда чогулган акчаны жылына бир жолу карылар үйүнө же интернатка берип турушкан. Жыл сайын 30 миң сомго жакын ачка чогулчу.