Кара-Көл шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектүү делип кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-октябрда Кара-Көл шаарынын тургуну О.Н. арыз менен кайрылып, анда 2002-жылы туулган кызын экинчи күйөөсү 1970-жылы туулган Б.О. зордуктап койгондугун билдирген.
Бул факты боюнча зордуктоо катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.