Ушул жылдын акыркы 9 айында жолду каржылоого 2922.3 млн сом же болбосо 2019 – жылдагы каржыдан 84.1% бөлүнгөн. Бул тууралуу транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы бюджеттен 1599.2 млн сомго жолдорду оңдоп-түзөө иштери жана 81.7 млн сомго жайкы жана кышкы мезгилге карата даярдыктар жүргүзүлгөн.
Анын ичинен:
— Азыркы бюджеттен – 1440,3 млн. сом (41.5%);
— Мамлекеттик казына беренесинен – 1482,0 млн. сом (42.7%)