Кыргызстан жарандары ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, 7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жылы аталган күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туш келет. Андыктан өлкө жарандары 7-8-9-10-ноябрь катар эс алышат.