Парламентте Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Автор -

Депутат Алтынбек Сулайманов Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселени иликтөө керек.

«Бүгүнкү күн тартибине депутаттык комиссия түзүүнү киргизели. Кытай жараны Саймаитинин өлүмү боюнча көп сырдуу, жаңы нерселер ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр бул маселени башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп, Саймаити ким, Кыргызстанга кантип келген, кыргыз паспортун, дипломатиялык номерди кантип алган, кимдер менен жакын болгон, кимдер менен душман болгон? Ушул нерсени иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Баарын иликтөө керек. Ишти башка жакка бурам дегендер адашып жатышат», — деди ал.

Сулаймановдун сунушун депутаттар Жанар Акаев, Төрөбай Зулпукаров колдоду. «Бир Бол» фракциясы депутаттык комиссия түзүү үчүн чечим даярдап жатышат.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү кытай жараны болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити Стамбул шаарында ок жеп каза тапканы кабарланган. Кылмыш болгон жерде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа талкуу чордонунда калды. Айрым булактар унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экенин жазып чыгышты.

12-ноябрда, дээрлик 2 күндүк тынчтыктан кийин КР ТИМ унаа чынында Эркин Сопоковго таандык экенин, бирок ал октябрдын аягында сатуу үчүн машинасын ортомчу компанияга тапшырганын билдирди. Ошол эле күнү Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн УКМК, Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык топ түзүлгөнү белгиленди.

ИИМ Саймаитиге Кыргызстанда алдамчылык беренеси менен иш козголуп, 2017-жылдан бери издөөдө жүргөнүн билдирди. Түркиялык ЖМКлар ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармалганын, алардын экөө кыргыз жараны экенин жазып чыгышты. Кийин КР Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты четке кагып, шектүүлөргө кыргыз паспорту берилбегенин маалымдады.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.