УКМК Эркин Сопоковду камакка алды

Автор -

КР Стамбул шаарынын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ал «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен ачылган ишке күбө катары бүгүн, 28-ноябрда суракка чакырылып, тергөө аны 48 саатка камакка алууну чечкен.

Мындан тышкары Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда бир топ бузуулар аныкталып, Башкы прокуратура ал фактыларды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганы айтылат.

Алар:
— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен «Лэнд Ровер – Рэндж Ровер» маркасындагы өздүк автоунаасын А.Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы;

— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча катталган Э.Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн. сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы.

— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30% акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес.

— Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

«Сопоковдун катышуусунда тиешелүү тергөө иш чараларынын жыйынтыгында ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү кытай жараны болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити Стамбул шаарында ок жеп каза тапканы кабарланган. Кылмыш болгон жерде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа талкуу чордонунда калган. Айрым булактар унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экенин жазып чыгышып, 12-ноябрда, дээрлик 2 күндүк үн катпоодон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги унаа чынында Эркин Сопоковго таандык экенин, бирок ал октябрдын аягында сатуу үчүн машинасын ортомчу компанияга тапшырганын билдирген. Ошол эле күнү Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн УКМК, Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык топ түзүлгөн. Кийинчерээк түрк ЖМКлары Айеркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун машинасын 10 миң долларга ижарага алып, айдап жүргөнүн жазып чыгышкан.