«Кумтөр» алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүүнү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.
Компания тараткан баштапкы маалыматтар боюнча 1-декабрда эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо-кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.
Андан соң коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков «Форд пикап» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы керек эле. Бирок тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде алар жок болуп чыккан жана рацияга да жооп берген эмес.
Аларды издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 26 куткаруучусу, аны менен бирге куткаруучу иттер, дагы 12 куткаруучу тартылган.
Бул кырдаалдын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган.
Өкмөт кендин үйүлгөн жараксыз катмары жылышып кеткен участок кендин негизги өндүрүш объекттерине коркунуч туудурбай турганын жана борбордук карьерден, калдыктарды сактоочу жайдан жана Петров көлүнөн коопсуз аралыкта жайгашканын билдирди.