УКМК тергөө органына «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдиришинче, учурда ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. 2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык Медиасынан» келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген», [/ads-quote-center]УКМК өлкө аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейт.
[ads-quote-center cite=’дейт мекеме.’]«Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз», [/ads-quote-center]21-ноябрда «Азаттык», Kloop жана OCCRP Бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялашкан. Анда айтылган фактылар боюнча Башкы прокуратура «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгогон. УКМК 2-декабрда бул иш боюнча көрсөтмө берүү үчүн «Азаттык радиосунун» журналисттери суракка чакырылганы жана алдыда бир катар депутаттар, өкмөт башчы чакырыла турганын кабарлаган.