«БеспределKG» баракчасынын администратору үй камагына чыгарылды

Автор -
@Azattyk

«Аймактар аралык касташууну козутуу» беренеси менен кармалган соцтармактагы «БеспределKG» баракчасынын администратору Автандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘]«Бүгүн, 5-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал үй камагына чыгарылды», [/ads-quote-center]

Эске салсак, 27-ноябрь күнү УКМК аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.

Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.

Бул арада Жоробековдун карындашы Чынара Темирова видео кайрылуу жасаган. Анда агасын «БеспределKG» баракчасына жарыяланган «Хабибулла менен Соке Райымды чыгарып кетишти» деген посту үчүн 2020-жылдын 24-январына дейре камап коюшканын билдирген.