Блогер Афтандил Жоробековду Аскер прокуратурасына чакырышты. Ал чакыруунун сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жайгаштырды.
Андагы маалыматка ылайык, Жоробеков бүгүн, 9-декабрда саат 16:00гө күбө катары суракка келиши керек. Азырынча анын кайсы иш боюнча чакырылып жатканы белгисиз.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү УКМК аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.
Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.
Бул арада Жоробековдун карындашы Чынара Темирова видео кайрылуу жасаган. Анда агасын «БеспределKG» баракчасына жарыяланган «Хабибулла менен Соке Райымды чыгарып кетишти» деген посту үчүн 2020-жылдын 24-январына дейре камап коюшканын билдирген. 5-декабрда Биринчи Май райондук соту блогерди үй камагына чыгарган.