Кой-Таш окуялары. Канат Сагымбаев 11 өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө

Автор -
565

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевге 11 оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме тапшырылды. Бул тууралуу жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди, деп жазат 24.kg.

Анын айтымында, алгач Канат Сагымбаев «Бийликти күч колдонуп басып алууну уюштуруу», «Массалык башаламандыкты уюштуруу, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу», «Барымтага алууну уюштуруу», «Адам өлүмүнө кол кабыш кылуу» беренелери боюнча фигурант катары өтүп жаткан. Кийинчерээк аны «Адам өмүрүнө кол салууга кол кабыш кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу», «Тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө каршылык кылууну уюштуруу» беренелери боюнча айыпташкан.

Канат Сагымбаев өзү бул айыптоолорду маанисиз деп эсептейт.

«Мен тергөөгө эч кандай каршылык көрсөткөн жокмун. Алмазбек Атамбаевдин үйүнө беткап кийген белгисиз бирөөлөр келгенде, алар өздөрүн тааныштырган эмес. Мен алардын тергөөчү экенин кайдан билмек элем. Анткени алардын баары беткапчан жана куралчан болчу. Мунун баары пландалган деп эсептейм», — деди Канат Сагымбаев.

Белгилей кетсек, ал № 1 тергөө абагында 9-февралга чейин болот. 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады.  Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталып жатат. Алар иш менен таанышып бүткөн соң, Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт.