Ноокатта коронавируска чалдыккандар — аялдар

Автор -

Ноокат районундагы коронавируска чалдыккандардын үчөө тең — аялдар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

«Биздин 3 жарандан коронавирус табылды. Алар Ошко Кувейттен учуп келген аялдар. Алар эки башка айыл тургундары. Ажылыктан эки башка каттам менен келишкен», — деди Өмүрбекова.

Учурда алар изоляцияда, дарыгерлердин көзөмөлүндө тийиштүү дарылануу алып жатышат. Алар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч адам тууралуу 18-мартта белгилүү болгон. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары. Кийинки 3 адам Ош облусунун Ноокат районунан. Оору аныкталгандардын баары Сауд Аравиясынан умра сапарынан кайткандар. Сузакта жана Ноокатта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.  Өлкөдө чет өлкө жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынып, эл аралык аба каттамдарына убактылуу  чектөө киргизилди. Мектептер, ЖОЖ жана бала бакчалар 8-апрелге чейин каникулга таратылды. Той-аш өткөрүүгө тыюу салынды. Коронавирус боюнча Республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери бул жакта.

Бөлүшүү