«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева кармалган жок, анын үстүнөн кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Наше право» коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Умуралиева УКМКда күбө катары сурак берди.
«Урматтуу достор! Калича Умуралиева кармалган жок, ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал күбө катары түшүндүрмө берди. «Пара» деп айтылган акчалар түзүлгөн келишимге ылайык «Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнгөн. Төлөмдүн дүмүрчөгү бар», — деп жазган Светлана Антропова.
Эскерте кетсек, кечээ кечке маал жергиликтүү басылмалар Калича Умуралиеваны УКМК кызматкерлери пара алганы үчүн кармап кеткенин жазып чыгышкан.