Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Саибжан Турдуев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Өмүр баяны:
Саибжан Турдуев 1981-жыл 3-март Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик институту «Юриспруденция» адистиги боюнча бүткөн, кесиби юрист.
2005-2013-ж.ж Имекс-Транс-Юг ЖЧКсынын өндүрүш жетекчиси;
2013-ж бүгүнкү күнгө чейин Асыл-Ай ЖЧКсынын өндүрүш жетекчиси;
2012-2016-ж.ж. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты;
2013-2016-ж.ж Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы
2015-2016-ж.ж. Ноокат райондук жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кошмо жыйналышынын төрагасынын орун басары;
2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты;
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.