АКШда аскердик учак кыйрап, ичиндеги тогуз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-майда болгон. Анда абага көтөрүлгөн учак магистралга кулап түшкөн. Бактыга жараша, учак кулап түшкөн учурда жолдо унаалар болгон эмес. Учак Аризона штатынын Дэвис-Монтан базасына бара жатканда кырсыкка кабылган.
Ассошиэйтед Пресс агенттиги Пуэрто-Риконун бийлигине таянуу менен учакта тогуз киши болгонун маалымдады. Кыйраган С-130 Hercules үлгүсүндөгү учактар АКШнын аба күчтөрүндө жана башка мамлекеттерде десанттык аракеттер, аскердик жүк ташуулар үчүн колдонулат. Кырсыктын себептери айтыла элек.