Сузакта жер көчкү Көк-Арт дарыясын кайрадан тосуп калды (Видео)

Автор -
554

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү кайрадан активдешип, Көк-Арт дарыясын кайрадан тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-майда болжол менен саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан активдешип, сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калган.

Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана ЖК комиссиясы абалды көзөмөлдөп турууда.

«Түн кирип кеткендигине байланыштуу жер көчкүнүн көлөмүн аныктоого кыйынчылык жаралууда. Абал боюнча кошумча маалымат берилет»,-деп кабарлашты ӨКМден.