Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-майда саат 10:00 чамасында УКМКга кирип, 3 сааттык сурактан чыкты.
«Тергөө так өттү, бир-эки нерсени тактап жатышат. Баары акыйкат чечим чыгарыш керек. Саат 14:30да кайра суракка келем», — деп билдирди Исаков.
Ал буга чейин, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү таза иштегенин айткан.
Белгилей кетсек, 26-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Сапар Исаковдун үстүнөн арыз жазган.