Ош шаарынын айрым аймактарында 28-майдан 2-июнга чейин газ берүү токтотулат

Автор -

Ош шаарынын айрым аймактарында үстүбүздөгү жылдын 28-майынан 2-июнга чейин газ берүү убактылуу жок болот.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын берген маалыматына ылайык, газ берүү төмөнкү даректерге жок болот:

-С. Ибраимов көчөсүндө

– Суюнбаев көчөсүндө

– Алиев көчөсүндө

– Ленин көчөсүндө

Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.